• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектеги №1312 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы катталды

11 Чын куран 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1312 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

«ИИМде жалпы 26 маалымат катталды. Анын 12си үгүт иштеринин бузулушу, 8и добуш сатып алуу, үчөө шайлоочуларды ташуу жана үчөө башка бузуулар. Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу боюнча видео такталды. Ал №1312 тилкеде орун алган. Жерине документтештирүү тобу жөнөтүлгөн. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинде 192-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат”, — деди Макилов.

Количество просмотров: 160