Бишкекте коронавирус инфекциясы дагы бир дарыгердин үй бүлө мүчөлөрүнө жуккан. Бул тууралуу № 17 үй бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гульнара Ташибекова билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.
Анын айтымында, дарыгер ооруканда болчу.
«Бүгүн анын үч баласынан жана небересинен вирус аныкталган. Учурда алар да ооруканага жаткырылды», — деди ал.
Эске салсак, буга чейин да ушул эле бейтапкананын бир дарыгеринин үй бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталган.
Алардын арасында үч чоң адам жана бир кичинекей 3 жаштагы бала бар болчу. Баардыгы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жайгаштырылган эле.
Белгилей кетсек, аталган ҮМБдин сегиз кызматкерлеринен коронавирус инфекциясы аныкталган. Учурда борбор жабылып, кызматкерлер жана алар менен байланышта болгондор изоляцияга алынган.