Бишкек шаарында коронавирус аныкталган 3 дарыгер №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенишет. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 26-апрелдеги эртең мененки онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, аларга коронавирус жумуш учурунда жуккан. Алар мобилдик бригадаларда, бейтаптар менен байланышта болуп иштешкен. Учурда дарыланып жатышат.
26-апрелге карата Кыргызстанда жалпы 180 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.