Бишкек шаарынын аймагында 42 көчөнүн жолун оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, оңдоо иштери «Бишкек шаарынын жол-көчө тармактарын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында улантылып жатат. Ал Кытайдын грантынын эсебинен каржыланат.
Оңдолуп жаткан көчөлөр:
— Жукеев-Пудовкин көчөсү (Ахунбаев көчөсүнөн тарта Кулатов көчөсүнө чейинки аралык);
— Сухэ-Батор (Каралаев — Шабдан баатыр);
— Чортеков (Жайыл баатыр — Абдрахманов);
— Турусбеков (Ташкент — Баялинов);
— Буденный (Чүй — Жибек Жолу;
— Карасаев (Байтик баатыр — Карадарыя);
— Кривоносов (Лев Толстой — Тойгонбаев);
— Матросов (Ахунбаев — Медеров);
— Абдымомунов (Манас — Тоголок Молдо);
— Ташкент (Турусбеков — Тоголок Молдо);
— Көкчетай (М.Ганди — Тоголок Молдо);
— Дзержинский (Жибек Жолу — Баялинов);
— Шота Руставели (Ажыбек баатыр — Гагарин);
— Ажыбек баатыр (Жунусалиев — Манас);
— Кулатов (Каракул — Байтик баатыр);
— Түгөлбай ата (Орозбеков — Ибраимов);
— Жайыл баатыр (Чортекова — Алыкулова, Арча-Бешик конушу);
— Өмүр (Т.Фрунзе — Ашар);
— Ашар (Лущихин — Өмүр, Ак-Өргө конушу);
— Новая (Ленский — Жеңиш);
— Архитектор (Ак-Босого);
— Култегин (Гидро куруучулар — Энесай-20);
— Маликов (Гагарин — Лев Толстой);
— Дордой (Анкара — Достоевский);
— Каркыра (Гагарин — Ак-Ордо);
— Стадионная (Абдрахманов — Магистраль);
— Баба ата (Бакаев — Садырбаев);
— Жолон (Ашар — Алыкулов);
— Шералиев (Жайыл баатыр — Ахунбаев);
— Т.Фрунзе (Гагарин — Ахунбаев);
— Шабдан баатыр (Ауэзов — Миң-Булак).
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык мекемеси 10 көчөнү оңдоп жатат.
Алар:
— Гражданская (Курманжан датка — Т.Айтматов);
— Армейская (Кийизбаева — Мамбетов);
— Каховская (Тимур Фрунзе — Кривоносов);
— Месароша (Месароша — Набережной);
— Веселая (Жибек Жолу — Салиев);
— Алтын-Ордо (Алтын Ордо-3);
— Алтын-Ордо (Алтын Ордо-6);
— Мыскал (М.Ганди — Мидин);
— Кой-Таш тар көчөсү (Ахунбаев — Койбагаров);
— Республика (Окраинная — Мыскал).
Бишкек мэмриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.