• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн айрым бөлүктөрү жабылат

9 Теке 202411:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Мэриядан кабарлашкандай, 10-июлдан тарта аталган көчөнүн Ж. Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул кесилиштерге асфальт басуу иши аяктагандан кийин, Абдрахманов көчөсү Москва көчөсүнө чейин ачылат.

Теги:
Количество просмотров: 94