• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет

12 Жетинин айы 2019 9:48 Бишкек Govori.TV

8-ноябрда «Антошка» тез татым жайындагы окуядан улам Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин өзгөчө мектептерде, бала бакчаларда, социалдык мекемелерде жана тез татым жайларындагы өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программа иштеп чыгууну тапшырды. Ал өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп жатканын кошумчалап, мэриянын финансы башкармалыгына бул маселени тыкыр карап чыгууну өтүндү», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев териштирүүнүн жыйынтыгында милиция чара көрүп, күнөөлүүлөр жазасын ала турганын белгиледи.

Эске салсак, 8-ноябрда «Антошка» тез татым жайында жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен кассир болуп иштеген бир кыз каза болуп, 13 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул жердин ээси кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 99