Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкекте №6 кичи райондогу батирден ири суммадагы акча уурдады деп шектелген киши кармалды.
Милицияга Э.Э. аттуу аял кайрылып, үйүнө терезеден белгисиз адамдар кирип келгенин, алар сейфте сакталуу турган 130 миң долларды алып кетишкенин кабарлаган.
Милиция шектүүнү кармаган, ал эми тинтүү учурунда 74,4 миң доллар табылган, калган акча кайда экени азырынча бегисиз.