• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды

15 Аяк оона 202011:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы батирлердин биринде аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү саат 18:10дө ӨКМдин Бишкек шаарындагы куткаруу кызматынын куткаруучулары Турусбеков көчөсүндө жайгашкан №41 үйдүн батиринин эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1956-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылып, ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 292