• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Бишкектеги үч адамдын өлүмү: Шектүү эки айга камалды

18 Бирдин айы 202318:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Govori. TVга Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүү 16-апрелге чейин №21 абакта болот.

Эске салсак, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаран кармалган.

Үч адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган

Теги:
Количество просмотров: 1068