Бишкекте көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев көмүр базаларын кыдырып, көмүрдүн запасын текшерди. Кыдыруу учурунда күн сайын болжол менен 50-70 тонна көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.
Ошондой эле район башчысы көмүр базасынын ээлери менен калк үчүн көмүрдүн баасынын көтөрүлүп кетишине жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Айта кетсек «Кара-Кече» көмүрүнүн баасы жүктөөнү эске алуу менен, бирок жеткирүүсүз тоннасына 4,5 миң сомдон 5,6 миң сомго(иргелген) чейин сатып алууга болот. Мүшөктөрдө көмүрдүн баасы 300 сомдон 400 сомго чейин.
Аким тиешелүү кызматтар менен биргеликте көмүр базаларына көмүрдүн болушуна жана баалардын динамикасына текшерүүлөрдү жүргүзөт. Райондун аймагында көмүр сатуу боюнча 6 база жана 2 стационардык пункт иштейт, баалары жогорулатылган эмес, запастары бар.
Райондор боюнча базалар төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:
Ленин району:
Биринчи май району:
Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн сатуучу үч пункт ачылган:
Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсүндө 1 көмүр базасы бар. 1200 тонна Шабыркүл маркасындагы көмүр бар, тоннасы 5000 сомдон.
Кошумчалай кетсек, райондун аймагында «Келечек» конушунда көмүрдү сатуунун кошумча пункттары жайгашкан. Кампада 35 тонна «Кара-Кече» көмүрү бар, 1 тоннасынын баасы 4500-5000 сомдон.