Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыктан дезинфекциялоого жабылды деген маалымат тараган.
Ал эми аталган оорукананын дарыгерлери алардан азыркыга чейин тийиштүү анализдер алынбай жатканын Govori.TVга билдиришти.
«Учурда биз үйгө баргандан да коркуп жатабыз, жакындарыбызга жугузуп албайлы деп. Башкы даарыгерибиз маселени чечүү аракетин көрүп жүрөт. Кечээтен бери байланышта болгондордон анализ алына элек. Карантин, обсервация маселеси да чечилбей жатат. Биз баарына макулбуз, үй карантин десе да, обсервацияга алса да. Азыр белгисиз болуп жатат, мындан улам үйлөрүбүзгө да бара албайбыз, жакындарыбызга жугузуп алуудан коркуп турабыз», — дешти алар.