• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги мектептин 11 кабинети менчикке өтүп кеткен

21 Чын куран 202516:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги № 67 мектептин 11 кабинети мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратурасы билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды.

Бул факт боюнча 2025-жылдын 10-апрелинде райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз Свердлов райондук сотуна келтирилип, учурда иш кароо стадиясында.

Белгилей кетсек, аталган факты боюнча УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган иштин жагдайы Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынды.

Количество просмотров: 667