• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкектеги ооруканалар жана төрөт үйлөрү штаттык режимде иштеп жатат

2 Бирдин айы 2024 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы ооруканалар жана төрөт үйлөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 20 оорукана иштейт, анын ичинен улуттук деңгээлдгеи 11 оорукана, ал эми 9 оорукана шаардык мэриянын карамагында, арасында төрөт үйлөрү бар.

«Учурда бардык покликлиника, амбулатордук жана тез жардам ооруканалары штаттык режимде иштеп жатышат. Бирок, пландык операциялар бүгүн убактылуу токтотулду. Дүйшөмбү күнү абал жөнгө салынса ооруканалардагы операциялар жана башка иштер кадимки режимге өтөт. Ал эми төрөт үйлөрүн жылытуунун альтернативдик жолуна өтүү каралууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 78