Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо үчүн уюштурулган шайлоо тилкелери саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болду.
Саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 37.07%ы добуш берген.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 18 партия катышты. Борбордо саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 20,02% добуш берген.
Алдын ала жыйынтык (326 шайлоо участогунун ичинен 256 шайлоо участогунан алдын ала жыйынтыктар келди).
Алгачкы жыйынтык:
«Эмгек» – 18,22%
«Ата Журт — Кыргызстан» – 14,33%
«Ишеним» – 11,6%
«Ынтымак» – 10,36%
«Социал-демократтар» – 8,12%
«Өнүгүү-Прогресс» – 8,1%.