Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып отурган бир адам оозун тигип алды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы кабарлагандай ал адам соттун узак мөөнөткө жазалоо тууралуу өкүмүнө нааразылыгын билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразылык иретинде үч адам оозун тиккени тууралуу маалымат тараган. ЖАМКтын басма сөз кызматы бул боюнча расмий маалымат бере элек .