Бүгүн, 17-сентябрь, Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо адамдар чогулушту. Айрымдары ДНД (ыктярдуу топ) деген жилеттерди кийип алышкан.
Уюштуруучулардын бири сөз алып, бул жакка келгендер өлкөдө баш аламандыктар же мародерлук катталса чара көрүү үчүн чогултулганын айтты.
Тез арада чогула калган активисттерге ыраазычылык билдирип, кечкиге чейин бардыгы тамак-аш менен камсыздалат деп убада берди. Мындай чогулуш ким тараптан каржыланып жаткандыгы айтылган жок.