Бишкекте сулуулук салондордун биринде 25 жаштагы кыз бычак менен өзүнө кол салды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 10-январда болгон. Болжол менен саат 16:44тө «102» кызматына Медеров көчөсүндөгү сулуулук салонунда кызи киши өзүн-өзү кесип салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган.
Өзүнө кол салган 25 жаштагы кызга тез жардам келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз салондогулардан «дааратканага кирип алайын» деп суранган жана бычакты өзү менен кошо ала келген.