• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкектеги түнкү клуб карантин учурунда иштеп жаткан

18 Бугу 202011:22 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 17-майда түндө Бишкектеги Октябрь районунун мобилдик командасы ӨКМ, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана акимиаттын кызматкерлери менен бирге «Ганбей» түнкү клубу иштеп жатканын аныкташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Түнкү клуб пандемия жана жалпы карантинге карабай иштеп, кардарлар эс алып жүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле «Арена» футбол талаасы да өз ишин улантып жаткан. Бул жайлар жабылып, Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо 2-категориядагы айып пул (физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) боюнча протокол түзүлдү.

Количество просмотров: 80