• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги түнкү клубда мушташ чыгып, өспүрүм бычакталды

23 Аяк оона 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы түнкү клубда массалык мушташ чыгып, бычакташууга чейин жетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-сентябрда болжол менен саат 03:39 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Байтик-Баатыр жана Горьки көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринен массалык мушташ болуп жатат деген чакыруу келип түшкөн.

«Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2004-жылы туулган С.У. аттуу жаранды белгисиз жарандар бычак менен жарадар кылып кеткендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Д.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалымтта.

Бул факты Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 343