• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Милиционерлер өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранды куткарып калды

8 Жетинин айы 202116:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери көпүрөдөн секирем деген жаранды куткарып калышты.

Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрда болжол менен саат 22:05 чамасында болгон.

«Бишкек ШИИББдин «102» кызматына белгисиз жаран Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жаткан 1993-жылы туулган Б. А. аттуу жаранды куткарып калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Б.А. Свердлов РИИБге жеткирилип, кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 336