• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектен Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

1 Бугу 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынан Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жеке өзү жүктү жөнөтүү көзөмөлдөп, жарандарды тынчтыкка чакырды.

Бишкектен жүктү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев коштоп барат.

Бишкек шаарынын төрт районунда гумжардам жана башка жардам чогултуу үчүн аянтча түзүлгөн.

Толук маалыматты райондордун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарларынан алса болто:

• Ленин району: 0774 007 735, Чүй проспектиси, 315;

• Биринчи май району: 0990 999 444, Жибе-Жолу, 495 Б;

• Свердлов району: 0999 855 558, Восток-5 кичирайону, Б. Мамбетова көчөсү;

• Октябрь району: 0559 038 585, «Муниципалдык пекарня».А.Токомбаев көчөсү, 3/1.

Количество просмотров: 73