• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектен Россиянын кайсы шаарларына поезддер каттайт?

25 Тогуздун айы 2022 13:20 Бишкек Govori.TV

 “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Бишкектен Россиянын кайсы шаарларына поезддер каттай тургандыгын жана билет баасын кайдан билүүгө болорун айтып берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жол жүрүү билеттеринин баасын, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин тактап алуу үчүн жарандар төмөнкү телефондор аркылуу маалымат ала алат: уюлдук телефон — 0705 076696, стационардык телефон: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40

Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу каттам боюнча кошумча маалымат:

№17 Бишкек-Самара багытындагы ылдам поезди жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт, Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет. №18 Самара — Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөттү түзөт.

№305 Бишкек — Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү жөнөйт, Казанга бейшемби күндөрү келет. №306 Казань — Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгат, Бишкекке жекшемби сайын келет. Жолдун жалпы узундугу 3286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт.

№385 Бишкек-Новосибирск, №386 Новосибирск-Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттайт. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 52 саат 43 мүнөттү түзөт.

Өлкө ичинде күн сайын төмөнкү каттамдар жүрөт: Бишкек-1 — Токмок, Бишкек-2 — Кайыңды.

«Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтерин (билет) сатып алсаңыз, купелерде жана СВ вагондордо 45%, ал эми плацкарт вагондордо 35% арзандатуу бар. Арзандатуулардын башка түрлөрү да бар, төмөнкү номерлер боюнча тактасаңыз болот: 0705 076696, (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 124