• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекти сындаган блогер Варламовду борборго курулуш компания чакырганбы?

16 Аяк оона 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

Орусиялык журналист, блогер Илья Варламов Бишкек шаарына болгон сапарынан кийин ютуб баракчасына 1 сааттык репортаж жарыялады.

Варламов Бишкектин көрүнүшү 90-жылдардагыдай экенин айтып, бийликти сындады.

«Шаар бийлиги элди ушунчалык жактырбаганы үчүн борборду көрнөк- жарнактарга айлантып, жолдорду талкалап салышкандай. Жер алдындагы өтмөктөрдө жана ар бир бурчта базарлар, короолордогу балдар аянтчаларынын ордуна май куюучу жайлар бар. Кызыгы калаа тургундарынын көпчүлүгү көйгөйлөрдү көмүскөдө калтырып, өз шаарын коргоп жатышат», — дейт Варламов.

Блогер репортажында «Имарат Прогресс» курулуш компаниясын жарнамалап жатканын көрүүгө болот. Мындан улам коомчулукта Илья Варламовду Бишкекке аталган компания чакырганбы? деген түрдүү пикирлер айтылууда.

Илья Варламов Орусия боюнча эң белгилүү сүрөт блоггери болуп эсептелип, твиттердеги окурмандарынын арасында үчүнчү орунда туруп, федерациянын аймагында абдан эле белгилүү жаш жигит.

Количество просмотров: 86