• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясында сабатсыз кызматкерлер иштейби?

2 Баш оона 2018 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.

Учурда социалдык тармактарда  Бишкек шаардык Кеңешке талапкерлигин койгон Токтайым Үметалиевага Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын берген жообу  кызуу талкууга алынууда.
Мында Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясы чечим кагазына 31-июль эмес, 31-август деп  күндү туура эмес жазып коюшкан.
 Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Аманбол Бабакулов баракчасына төмөндөгүдөй пикирин жазып калтырган.
«Бүгүн Кыргыз мамлекетин ким башкарып жатат? Эшегине жараша тушагы. Токтайым Уметалиевага БТИКтин берген жообу 31- август эгемендүүлүктүн майрамы иш күн болуп калганбы? Мэрге талапкер эжеге берген жообу уят тез арада чара көрүлсүн сабатсыз кызматкерлерге!«-деп жазган фейсбук колдонуучу.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=865140290353407&id=100005723317611

Количество просмотров: 6