• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда

30 Жалган куран 2022 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргендигин, мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, мэр биринчи кезекте аймакты гараждардан бошотуу шаардыктардын кызыкчылыгына жана унаа тыгындарын жоюуга багытталгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2017-жылы сот гараж ээлерине эскертүү берген. Үй ээлери гараждарды демонтаждоону бир жыл мурун алышкан, бирок алар эскертүүнү аткарышкан эмес. Буга байланыштуу мэриянын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы гараждарды демонтаждоо иштерин баштады.

Эске сала кетсек, 1972-жылы шаардын ар кайсы жерлеринде, анын ичинде Аламүдүн каналынын боюндагы 11-кичирайондо 1,5 гектар аянтты ээлеген 3400 унаа токтотуучу жайга унааларды убактылуу жайгаштыруу үчүн жерлер бекитилген. Андан кийин №20 гараж-курулуш кооперативи уюштурулган.

Количество просмотров: 116