• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин 16 жаштагы тургуну сарайда асынган абалда табылды

1 Тогуздун айы 202416:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда жашы жете элек өспүрүм асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 30-сентябрь күнү саат 20:45 чамасында Ысык-Ата районунун ИИБне Горная Серафимовка айылынан маалымат келип түшкөн, анда Бишкек шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Э.З.нын жансыз денеси кароосуз калган короодо асылып турган жеринен табылган.

Бул факты катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.

Количество просмотров: 75