• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин айрым конуштарда таза суу жок болот

14 Чын куран 20269:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүк-батышындагы конуштарда 16-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө эртең мененки саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин созулат.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук, Селекция, Плодовое жана Калтар айылдары;
  • Жогорку Орок, 105-контур, ЖЭБ-2, Сары-Өзөн конуштары;
  • Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү жана Сокулук районуна караган Ахунбаев көчөсүнөн жогорку бөлүгү);
  • Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).

Мындай чара «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу көрүлүүдө.

Количество просмотров: 93