• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

2 Чын куран 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

6-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Манас, Фрунзе көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймакта жайгашкан турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Суу берүү Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Количество просмотров: 156