23-24-август күндөрү оңдоп-түзөө иштеринен улам Бишкектин бир нече районунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Даректер төмөнкүдөй:
Абаканов — Дэн Сяопин — Садыгалиев — темир жол линиясы;
Кустанай — Волков — Садыгалиев — Дэн Сяопин.
Ошол эле күнү саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын түштүк-батышында да суу өчүрүлөт. Мындан тышкары, Таш-Көмүр, Чыңгыз Айтматов проспекти, Айни жана Табалдиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.
24-августта суу 10:00дөн 16:00гө чейин шаардын түштүк-батышында өчүрүлөт.