Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-мартта саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү-Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-апрель көчөсү.