Эртең, 16-июнда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Сельский» суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 16-июнда саат 09:00дөн 19:00гө чейин «Тунгуч» кичирайонунда, «Рухий Мурас» конушунда жана №73, №92 мектептеринде, №181 бала бакчада таза суу өчүрүлөт.
«Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана шаар тургундарын, мекемелер жана уюмдардын ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.