• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкектин бир бөлүгү 5 күнгө жылуулугу жана ысык суусу жок калат

2 Жетинин айы 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектин бир бөлүгү беш күнгө жылуулугу жана ысык суусу жок калат. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Жаманбаев көчөсү №8,1, 8/2 дарегиндеги кайрадан орнотулган жер алдындагы газ өткөргүчтү кесүүгө байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотот.

Буга байланыштуу, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 1- 5-ноябрына чейин жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотууга мажбур болууда.

Жылуулук энергиясы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Гагарин көчөсү, Төмөнкү Джал кичи району.

Жеринде оңдоо биргадасы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын бардык керектүү техникалары менен иш алып барууда.

Количество просмотров: 295