Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы айрым тилкелердеги көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 10-14-апрель күндөрү шайлоочулардан, партиялардан жана байкоочулардан 54 даттануу түштү. Анын 38и добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу арыздар.
Комиссия даттанууларды карап чыгып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүдөгү № 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды.
Мындан тышкары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан №1051, №1157 участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы да жокко чыгарылды.
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы учурда «Айкөл Кыргызстан», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Патриот» саясий партияларынан түшкөн арыз-даттанууларды карап жатат.
Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү.