• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкектин бир нече аймагында газ өчөт (тизме)

25 Үчтүн айы 202412:22 Бишкек Govori.TV

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы үстүбүздөгү жылдын 29-январынан 2-февралына чейин жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышын жойу боюнча пландуу иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Буга байланыштуу «Красный строительде» төмөндөгү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат: Сары-Челек көч., Ала-Арча д.– Айланма жолу — Киргизская көч. — Я. Логвиненко көч. — Курманалиева көч. – Зеленая көч. – Новая көч. — Колхозная көч.- Заводской тилкеси, Элебесов көч — Коллективная көч.- Аул көч. — Новосельская көч — Кичи Чүй каналы менен чектелген.

«Бишкекгаз» жаратылган ыңгайсыздыкты керектөөчүлөр түшүнүү менен кабыл алаарына үмүт артат. Иш борбордун тургундарын жаратылыш газы менен коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайбыз.

Количество просмотров: 118