• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин борбордук бөлүгү аварияга байланыштуу суусуз калды

7 Жетинин айы 202512:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук бөлүгү аварияга байланыштуу суусуз калды.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн, 7-ноябрда саат 08:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотуларын билдирет.

Суу токтотула турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин);
Москва көчөсү;
Ибраимов көчөсү;
Фрунзе көчөсү.
Коммуналдык ишкана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн аймактардын жашоочулары менен уюмдарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 121