• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 2 күн суу болбойт

6 Теке 202318:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн ири аймагында эки күн суу жок болот. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Суу 11-июль күнү саат 08:00дө өчүрүлүп, кайра 13-июлда саат 08:00дө берилет. Бул убакыт аралыгында Фрунзе көчөсү — Аламүдүн дарыясы — темир жол линиясы менен Панфилов көчөсүнүн аймагында суу өчөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.

Теги:
Количество просмотров: 196