• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде казылган аңга унаа кулап кетти

18 Теке 201916:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүктөрүн оңдоо үчүн казылган аңга Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа кулап кетти. Анын сүрөтү «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.

Ал эми ЖКККББдан кабарлашкандай, кырсык 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Кошумчалай кетсек, унаанын ичинде айдоочу өзү жалгыз болгон, ал жаракат алган эмес.

Количество просмотров: 12