• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектин борборунда жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат

16 Үчтүн айы 202511:03 Бишкек Govori.TV

Март айында Чүй проспектиси — Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай катары – комплекстүү курулуш башталат. Бул курулуш «Ташболот Холдинг» компаниясы жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы тарабынан каржыланат. Алар кредиттик ресурстарды жана инвесторлордун кошумча каражаттарын тартуусу күтүлүп жатат. Комплекстүү курулуштун жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөт.

Борбор шаарынын мэриясы долбоордун инвестициясынын кайтарымын камсыздоо үчүн бул объектти 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында башкарууга өткөрүп берген. Инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу — транспорттук абалды гана жакшыртпастан, шаардык чөйрөнү жаңылоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Акыркы 30 жыл ичинде Бишкекте бир дагы жаңы жер астындагы өтмөк курулган эмес, ошондуктан бул долбоор борбор үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Шаардын бул бөлүгүндөгү транспорттук абал, тыгындар жана унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги көптөн бери бул көйгөйдү чечүүнү талап кылып келген. Жаңы объект жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.

Долбоордун негизги максаты – шаардыктар жана жалпы шаар чөйрөсү үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө. Унаа токтотуучу жай жана жер астындагы өтмөк салуу борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтууга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жолду камсыздоого жардам берет.

“Ташболот Холдингдин” жетекчиси Назгүл Түлеева ийгиликтүү ишке ашкан ушундай долбоорго мисал катары Еревандагы жер астындагы өтмөктү атады.

Долбоорду иштеп чыгуу «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлдү, бул бардык коопсуздук талаптарын сактоого кепилдик берет. Негизги көңүл конструкцияларды жана колдоно турган материалдарды тандоого бурулду, себеби алар бул комплекстүү курулуштун ишенимдүү жана узак убакытка сакталышын камсыз кылышат.
Курулуш башталган күндөн тартып 1,5 жылдан 2 жылга чейин созулат. Обьектинин курулушу башталганда да, аны ишке киргизгенде да кошумча жумушчу орундары түзүлөт.

Эмне өзгөрөт?

Долбоорго ылайык, жер астындагы өтмөктө эскалаторлор, заманбап лифттер, социалдык жана тейлөө объектилери болот. 220дан ашык унаага эсептелген жер астындагы унаа токтотуучу жай шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жүктү бир топ азайтып, унаа токтотуучу жерди бат табууга шарт түзөт. Курулушта коопсуздуктун, энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарын сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Бул курулуш борборго эмне берет?

Шаар бийлиги жаңы жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай шаардын транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын негизги элементтери болоруна көзү жетет. Бул жол тыгынын жеңилдетип гана тим болбостон, жарандардын күнүмдүк жашоосун жакшыртып, ыңгайлуу жана эстетикалык жагымдуу чөйрөнү түзөт.

Мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу шаарды өнүктүрүүдөгү алдыга кадам гана эмес, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун эл үчүн майнаптуу өз ара иштешүүсүнүн үлгүсү да боло алат.

Бишкектин чок ортосундагы унаа токтотуучу жайы бар заманбап жер алдындагы өтмөк маанилүү инфраструктуралык обьект гана болбостон, өлкөнүн борбор шаары дүйнөнүн ири шаарларынын жакшы тажрыйбасын ийгиликтүү ишке ашырып, мезгил менен бирге кадам таштап бара жаткандыгынын символу боло алат.

Бишкек шаарынын мэри белгилегендей, жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайлардын долбоору шаардын инфраструктурасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат:

«Бүгүнкү күндө биз шаардын инфраструктурасын жолго коюуда жана жаңылоодо тышкы инвестицияларга гана эмес, ички инвестициялар менен да активдүү иш алып баруудабыз. Бул борбор калаанын туруктуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Жергиликтүү бюджеттин казынасы бардык маселелерди чече албайт, бирок тышкы жана ички ресурстарды тартуу жаңы чектерди ачат.
Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөк жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, шаарды өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоонун үлгүсү. Акыркы 30 жылда биз мындай масштабдагы долбоорду биринчи жолу ишке ашырганы жатабыз. Бул шаардын башка аймактары үчүн да үлгү болуп бермекчи. Жер тилкеси аукционго коюлуп, жеке инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алгачкы ижара акысы 2 млн сом болсо, аукциондун жүрүшүндө 7 миллион сомдон ашты. Жер инвесторго 49 жылга ижарага берилип, долбоордун жалпы бюджети 2 млрд сомдой болот. Комплекс эки соода борборун бириктирип, Байтик Баатыр көчөсүнө чейин созулуп, борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуз аймакты түзөт. Дагы бир маанилүү жагдай, бул курулуш башталганда жана эксплуатацияга берилгенде жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошот. Мындан тышкары, мамлекеттик жана жеке сектордун өз ара иштешүүсүн да көрсөтөт. Бул Бишкектин мындан аркы өнүгүүсүнүн, инфраструктурасын жаңыртуунун жогорку чектерин көрсөтүүчү алгачкы ири кадам. Мындай долбоорлор борборубуздун келбетин бир топ өзгөртүп, ыңгайлуу жашоого шарт түзөт деп ишенебиз».

Кызматташуу суроолору боюнча: +996702007700
Instagram : oldbishkek.kg

Количество просмотров: 286