Социалдык тармакта бүгүн, 11-майда эртең менен тартылган видео жарыяланды. Анда бир нече километрге созулган унаалардын тыгыны тартылган.
Автордун айтымында видео Новопокровкада тартылган. Өткөрмө пунктарында айдоочулардын уруксат кагаздары текшерилип жатат.
Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.