• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Бишкектин эң негизги көчөсү оңдоо үчүн жабылат

17 Теке 201817:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.07.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарынын, Чүй проспектин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Чүй проспекти Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн 18-июлдан баштап жабылат.
Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылып, жээк таштары орнотулат. Реконструкция иштери ушул жылдын 8-августка чейин бүткѳрүлѳт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн кечирим сурайт жана алдын ала жол тандап алууларын ѳтүнѳт.
Количество просмотров: 129