• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектин футболдук борборунда жаңы спорт комплекс салынат

26 Жалган куран 2024 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин футболдук борборунда жаңы спорт комплекс салынат. Бүгүн комплекстин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти.

Комплекстин жалпы аянты 3 012,44 м2 түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт.

Капсула салуу иш-чарасына КФБге мүчөлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү, биримдиктин кызматкерлери, ошондой эле, Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү Йогеш Десай жана Рузбе Маяхи катышты.

Мезгил кутучадагы келечек муунга болгон кайрылуусун КФБ президенти Камчыбек Ташиев калтырды.

КФБдан билдиришкендей, спорт комплексинин курулушу Азия футбол конфедерациясынын AFC Enhance Programme 2023: Stadium өнүктүрүү программасынын жардамы менен башталды.

«Өзүңүздөр билгендей, өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаров кэчээ күнү «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Аталган жарлыктын чыгышы президентибиз жана мамлекетибиз тарабынан футболго спорттун бир түрү катары колдоосу күчөгөндүгүнөн кабар берет. Анда белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу өлкө футболун көзөмөлдөгөн башкы орган катары – Кыргыз футбол биримдигинин жана анын мүчөлөрүнүн түздөн түз милдети. Бул милдетти биргелешкен күч-аракеттер менен сөзсүз ишке ашырабыз!

Президенттин Жарлыгында дагы футболдун материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсүнө басым жасалган. Башка футболдук уюмдарга үлгү болуу үчүн Кыргыз футбол биримдигинин башкы административдик кеңсеси жайгашкан территориалдык инфраструктурасы ар түрдүү объектилерди камтуусу зарыл. Андыктан, бул спорт комплекстин курулушу чоң мааниге ээ», — деди Ташиев өз сөзүндө.

Количество просмотров: 101