Бишкектин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Шаардык патрулдук башкармалыгынын кызматкерлери 6 унаанын коштоосунда борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого жардам беришүүдө.
Линияда 45 даана атайын техника, анын ичинен МАЗ үлгүсүндөгү 27 кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү кум себүүчү 1 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 2 бирдик, щетка жана күрөктүү 9 «Беларусь» трактору, 4 универсалдуу «УКМ-2500» коммуналдык унаалары, ошондой эле 2 жаңы атайын кар тазалоочу «Bobcat» техникасы бар.
Мындан сырткары көчөлөрдү кардан тазалоого “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тартылды. Учурда 96 тонна өндүрүштүк туз керектелди.