Бишкектин көчөлөрүнө Пирамидалис Компакта аталышындагы 600 туя көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалматта айтылгандай, туялардын жаңы сорту Тынчтык проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишине, ошондой эле Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейин отургузулду.
Бул ийне жалбырактуу өсүмдүктөр Россиянын Краснодар шаарынан «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын жетекчилиги тарабынан атайын алынып келген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Чүй проспектиси Бейшеналиева көчөсүнөн Ю. Фучик көчөсүнө чейин азыр 1500 ийне жалбырактуу туялар менен кооздолгон.