• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектин көчөлөрүндөгү башаламан соода түйүндөрү алынды (сүрөт)

28 Теке 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Биринчи май районунда башаламан соода түйүндөрү кайрадан алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Биринчи май акимиаты, райондук Ички иштер башкармалыгы жана МАБ менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган ар кандай товарларды сатуу объекттерин демонтаждоо боюнча кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү.

Бул жолу Киев жана Исанов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги мөмө-жемиш саткан 3 пункт, балмуздак саткан 2 муздаткыч демонтаждалды, ошондой эле соода эрежелери боюнча соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул багытта иш улантылат.

Аким бир нече жолу сатуучулардан атайын бөлүнгөн жерлерде мыйзамдуу тартипте сатууну өтүнгөн. Бирок, буга карабастан, сатуучулар башаламан соода сатык менен алектенип келишет.

Урматтуу сатуучулар! Соода эрежелерин сактоону суранабыз, болбосо Кыргыз Республикасынын «Укук Бузуулар жөнүндө»кодексине ылайык айып пул салынат.

Количество просмотров: 506