Керимкулов Чыңгыз Кенжебекович Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгын убактылуу жетектейт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Буга чейин Ленин РИИБдин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Керимкулов Бишкек ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу кызматын жетектеп келген.