• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектин мэри “Кудайберген” базарын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады

13 Кулжа 202516:19 Бишкек Govori.TV

12-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кудайберген” базарынын айланасындагы аймакты кыдырып чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин жүрүшүндө базардын өрт коопсуздугу текшерилди. Текшерүү маалында Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир да техникасы базар аймагына кире албай калган. Кире бериш атайылап тосулган болуп чыкты.

Мындан тышкары, жер тилкеси максатына ылайык колдонулбай жатканы аныкталды. Көп деңгээлдүү унаа токтотмо курулушунун ордуна аймак автоунааларды бөлүктөргө бөлүү үчүн колдонулуп келген.

Патрис Лумумба көчөсүндө жылдап кыймылдабаган автоунаалар табылды.

Ошондой эле жашыл аянттар мыйзамсыз кыйылып, курулуш иштерине даярдык көрүлгөнү аныкталды.

Кыдыруунун жыйынтыгында мэр тиешелүү шаардык кызматтарга базардын айланасын тартипке келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Патрис Лумумба көчөсүнөн Нарвская көчөсүнө чейинки аралыкта 2 чакырым узундуктагы жаңы сейил бак курууну тапшырды. Бүгүнкү күндө бул аймакта ички жол, автосугат системасы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралууда.

Шаар башчысы ижара келишиминин шарттарын бузган объект ээлерине карата тиешелүү чара көрүүнү жана муниципалдык аймакка чыгып кеткен мыйзамсыз объекттерди бузуу, көчөдөгү соода түйүндөрүн жоюу тапшырмаларын да берди.

Количество просмотров: 190