• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгарылды

28 Баш оона 201811:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.
Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдирди.
Эске салсак, Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган.
УКМК билдиргендей, Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда.
Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренени (“Коррупция”) кошкон. Учурда тергөө уланууда.
Количество просмотров: 13