• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

24 Жалган куран 20269:34 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунун жаңы акими болуп Жолдош Чуштуков дайындалды. Ал буга чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Ал эми “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызматына Максатбек Арынов дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматынын директору болуп иштеген.

Количество просмотров: 176