• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин түштүк кичи райондору жылуулуксуз калышты

25 Үчтүн айы 20199:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Бишкектин түштүк кичи райондору жылуулуксуз калышты. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы үйлөр жылуулуксуз калды деп социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып чыгышкан.

«Талаада калган отчетторду алыш керек. 11-12-кичи райондордо, Асанбайда жана 6-кичи райондо жылуулук жана ысык суу жок», -деп жазган Аделя Лаишева.

Бишкектиктер 4-5-кичи райондордо дагы жылуулук жок деп айтышууда. Дагы бир окурман 12-кичи райондо 2 күндөн бери жылуулук жок экенин айтат.

«Бишкекжылуулук түйүнү» ААКсы кечээ кичирайондордо жылуулук түйүндөрүндө авария болду деп билдиришти.

Булак: 24.kg агенттиги

Количество просмотров: 71