• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкектин так ортосунда кичи автобус өрттөнүп кетти (видео, сүрөт)

12 Жалган куран 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Киев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус өрттөнүп кетти.

Маалыматка ылайык, өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан. Кичи автобустун ичинде жүк болгон. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

«Унаа Салих компаниясына таандык. Ичинде колбасалар бар болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тилсиз жоону өчүрүгө бир бөлүм тартылды. Жеринде азыркы тапта 5 өрт өчүргүч иштеп жатат. Саат 10:15те өрт боюнча маалымат келип түштү», — деп билдиришти ӨКМден.

Учурда өрт чектөөгө алынды.

Количество просмотров: 9052